• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы вице-премьер-министр чек ара маселеси менен алектенет – өкмөт башчы Мадумаровдун талапкерлигин көрсөттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште вице-премьер-министрлик кызматка өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун талапкерлигин көрсөттү.

Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрликкке сунушталып жаткан Акрам Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштегенин, облуста болгон бүт көйгөйлөрдү, анын ичинде чек ара маселесин, райондогу, облустагы элдин маселелерин билерин айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, жаңы дайындала турган вице-премьер чек ара маселесин чечүү, чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча программа, аймактарды өнүктүрүү маселелери менен алектенет.

Эскерте кетсек, буга чейин бул кызматты Жеңиш Разаков ээлеп келген. Ал өз каалоосу менен жазган арызына ылайык кызматтан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий