• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурланбек Шакиев Минсктеги өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.10.23. /Кабар/. Төрага Нурланбек Шакиев баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Беларустагы расмий иш сапарынын алкагында бир катар өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач парламенттик делегация “Белкоммунмаш” холдингине барып, өндүрүштүн жүрүшүн көрүп чыкты. Алсак, аталган ишкана троллейбустарды, трамвайларды, электр автобустарын, электр жүк ташуучу унааларын жана кубаттоочу станцияларды жасап чыгарат. 50 жылдан бери иштеп келе жаткан ишканада азыркы тапта 1200дөй кызматкер эмгектенет.

Өндүрүштүн сапатына жогору баасын берген төрага Нурланбек Шакиев 2018-жылы “Белкоммунмаш” холдингинен 36 даана троллейбус Бишкек шаарына сатылып алынганын эске салып: “Алардын баары азыркы тапта да жакшы иштеп, калаа тургундарына кызмат көрсөтүүдө. Андыктан биз ири шаарларыбызды заманбап коомдук унаалар менен камсыздоо максатында сиздер менен кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди.

Андан соң Төрага 16 миңден ашык киши эмгектенген Минск трактор заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Алсак, завод жылына 40 миңге жакын ар кандай түрдөгү тракторлорду чыгарып, анын 90%дан ашыгы чет өлкөлөргө экспорттолот. Тагыраагы, дүйнөнүн 50дөй мамлекети, анын ичинен Кыргызстан дагы Минсктен чыккан тракторлорду пайдаланып келет. Ал эми Кыргызстан аталган заводко ай сайын 1 жарым млн долларлык көлөмдөгү радиаторлорду өндүрүп берет.

Төрага Нурланбек Шакиев заводдон өндүрүлгөн 450 аттын күчүнө барабар кубаттуулуктагы эң чоң тракторго олтуруп көрүп: “Кыргызстандын айыл чарба жана тоо-кен өнөр жайы тармактарында мүмкүнчүлүктөрү өтө арбын. Андыктан аталган багыттарда Беларусь мамлекети менен кызматташып, заводдорунан өндүрүлгөн заманбап техникаларды алууга кызыкдарбыз”, – деди.

Пикир

Оставить комментарий