• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жаңы курулган көпүрө пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 07.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-октябрда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жаңы курулган көпүрөнүн ачылышына барды.

ӨКМден билдиришкендей, ошондой эле иш-чарага президенттин өкүлүнүн орун басары Улан Далиев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана элеттин тургундары катышты.

Белгилей кетсек, 2021-жылы 30-июлунда катуу селден улам көпүрө жараксыз абалга келип, мындан улам айыл эли жер иштетүү маалында айласыздан 4,5 км арылыкка чейин барып, айланып келүүгө туура келчү.

2022-жылдын 17-июнунда ӨКМдин Алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча курулуш департаментине өткөрүлүп берилип, курулуш иштери “Бек Курулуш” фирмасы тарабынан жүргүзүлдү.

Жакынкы күндөрү көпүрөөгө атайы комиссия тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий