• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаңы жылдын алдында өлкөдөгү КТБлар кандай тартипте иштейт? График

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагындагы калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана паспорт бөлүмдөрү 29-декабрга чейин кадимки режимде саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомство алдыда келе жаткан майрам күндөрүнө байланыштуу жарандарды 29-декабрга чейин документ тапшыруу жана даярдалган документтерди алуу маселелерин колго алууну суранат.

Белгилей кетсек, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн 2023-жылдын 20-ноябрынан 28-декабрына чейин Бишкектеги эки тейлөө борборунда пилоттук долбоор иштеп жатат. Анда жумуш убактысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин узартылган:

  • Жибек-Жолу проспектиси, 381;
  • Нуркамал Жетишкаева көчөсү, 29.

Ал эми кичи КТБлар 30-декабрь саат 10:00дөн 19:00гө чейин жана 31-декабрь саат 10:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Алар:

  • “Азия Молл” соода борбору (Ч. Айтматов пр. 3);
  • Глобус гипермаркети (Чүй пр., ЖЭБдин каршысы).

Январь айынын иш графиги министрлер кабинети тарабынан бекитилген 2024-жылга өндүрүштүк календарга ылайык белгиленет.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги республика боюнча 36 ири жана 5 кичи калкты тейлөө борбору иштеп жатканын эскерте. Бишкек жана Ош шаарларында Early One тиркемеси аркылуу онлайн кезекке жазылса болот.

Ал эми “Түндүк” тиркемесинде 150дөн ашык кызматтарды түз телефонуңуздан ала аласыз.

Калкты тейлөө борборуна келүүдөн мурун №119 номеринде Call-борборунан кеп-кеңеш алууну унутпаңыз.

Пикир

Оставить комментарий