• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңжал менен отставкага кеткен вице-пермьер-министр жаңы кызматка дайындалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Өзбекстан премьер-министринин мурдагы орун басары Зойир Мирзаев Жизак облусунун Шароф Рашидов районунун акими болуп дайындалды.

Зойир Мирзаев 29-октябрда Ташкент облусунун Аккурган жана Бекабад райондорундагы жаңжалдан кийин вице-премьер-министр кызматынан бошотулган.

Аккурган районунда Мирзаев буудай талаалары сугарылбаганы үчүн фермерлерди арыктагы сууга салса, Бекабад районунда ал жергиликтүү аткаминерлердин колдоруна чоң топурактарды көтөртүп жазалаган. Бул окуялардан кийин вице-премьер-министр өзүм билемдикке айыпталып, жумуштан айдалган.

Пикир

Оставить комментарий