• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жайыл районунда унаалардан аккумуляторлорду уурдаган шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Жайыл районунда унаалардан аккумуляторлорду уурдаган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жайыл районунун ички иштер башкармалыгына жергиликтүү 28 жаштагы К.О. аттуу тургуну кайрылып, «Хундай портер» автоунаасынын аккумуляторун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Кошумчалай кетсек, ушул жылдын башынан бери Жайыл районунун ички иштер башкармалыгы ушул сыяктуу дагы эки арызды каттагандыгы белгилүү болгон.

Бардык фактылар Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 90-беренеси (аз өлчөмдө уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмыштарды жасаган деп шектелип, мурда соттолгон 45 жаштагы С.И. аттуу жаран кармалган. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө С.И. күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын Жайыл районунун аймагында жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын текшеришүүдө. Уурдалган аккумляторлор алынып, ээлерине кайтарылды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий