• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жакын арада Кыргызстанга Түркиядан 5 мобилдүү клиника келет

Ден соолук 0

Бишкек, 06.02.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкардагы “Optima Technic” заводуна барышты.

Аталган министрликтен билдиришкендей, “Optima Technic” заводунда Кыргызстандын өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуунун негизинде Кыргызстан үчүн мобилдүү клиникалар даярдалган.

“Министр жана элчи Ислам өнүктүрүү банкынын жана мобилдүү клиниканы курган Норвегиянын “НОРМЕКА АС” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда мобилүү клиниканы Кыргызстанга жеткирүү маселеси талкууланды”, - деп айтылат маалыматта.

Мобилдүү клиника компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар сыяктуу заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалган. Ошондой эле офтальмологиялык операцияларды жүргүзүүгө болот.

Ислам өнүктүрүү банкы жана Норвегиянын “НОРМЕКА АС” компаниясы билдиргендей, ушул жылдын 31-январынан 6-февралына чейин мобилдүү клиникаларды жиберүү үчүн анын даярдыгы текшерилди. Учурда компания мобилдик клиникаларды Кыргызстанга жөнөтүү боюнча даярдык иштерин баштады жана заводго болгон жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар жеткирүү процессин тездетүү жөнүндө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий