• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: "Акыркы коңгуроо" аземин 700дөн ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөөдө

Аймак 0

Бишкек, 09.06.22./Кабар/. Жалал-Абад облусу боюнча "Акыркы коңкуроо" аземин 700 ашуун милиция кызматкерлери көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, бүгүн республика боюнча бүтүрүүчүлөр салтанаттуу түрдө "Акыркы коңкуроо" аземин өткөрүп жатышат.

"Бул күнү ар кандай автоунааларды коштоп жүрүү, тоо койнунда эс алуу жана кафе-ресторандарда майрамдоого тыюу салынып, бул боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан эскертүүлөр берилип келген. Облус боюнча бүтүрүүчү салтанаттарды мектептерде, эс алуучу жайларда жана жол коопсуздугун камсыздоодо 700дөн ашуун милиция кызматкерлери көзөмөлдөп, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүтүрүүчүлөр тарабынан тартип жана жол эрежелери бузулса мыйзам алкагында катаал чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий