• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: Кар алдында калгандарды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кар алдында калгандарды ишдөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун 326-чакырымынан 346-чакырымына чейинки аралыкта 25 жерден кар көчкү түшүп, (8 чоң, 17 кичи) “Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкерин жана 5 бирдиктүү авто техникаларын, 1 мобилдик үйдү кар көчкү баскан.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун аймагына IV даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бүгүнкү күндө издөө иштерин улантуу үчүн Башкармалыктын ЖКБнүн башчысы М.Токтосуновдун жетекчилигинде Сузак райондук ӨКБнүн башчысы А.Багишев, Сузак райондук ӨКБнүн ЖК бөлүмчөсүнүн башчысы С.Наржигитов, Таш-Көмүр шаарындагы 2-ӨИКОнан 10 куткаруучу жана КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин 4 кызматкери, ошондой эле кар көчкү алдында калган А.Көкөзовдун туугандарынан 30 жаран, Сузак РИИБнөн 8 кызматкер, “Чайна Роуд” ишканасынан 20 кызматкер тартылып, издөө иштери жеринде уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий