• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери кайрадан улантылууда

Кырсык 0

Бишкек, 04.04.21. /Кабар/. Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери кайрадан улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 13:30да Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган Э. уулу Б. аттуу бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.

Бүгүн жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 30 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, мындан сырткары жергиликтүү тургундар тартылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 3-апрелде жоголгон баланын ата-энесинин макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий