• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында батирден 53 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Ош шаарында батирден 53 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Алай көчөсүндө жайгашкан үйдүн 41-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1969-жылы туулган А.М. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий