• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад медколледжинин мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад медициналык колледжинин менчиктештирилип кеткен 469 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан КР Жер мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен Жалал-Абад медколледжине таандык болгон 469 чарчы метр жер тилкеси М.А. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратурасы жогорудагы токтомду жараксыз деп табуу боюнча Жалал-Абад шаардык сотуна доо арыз келтирип, соттун чечими менен аталган токтом жараксыз деп табылды.

Ошондой эле, прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде базар баасы 9 млн 769 миң 200 сомду түзгөн 469 чарчы метр жер тилкеси Жалал-Абад медициналык колледжинин балансына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий