• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад мэри эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ормоков калаадагы Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинин англис тили боюнча эл аралык олимпиадада алтын медаль тагынган 7-класстын окуучусу Элнурбек Аскарбековду, күмүш байге уткан 10-класстын окуучусу Марлен Орозалиевди жана коло медалга ээ болгон 10-класстын окуучусу Теңизбек Токтомушевди куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады.

Шаар мэри ошондой эле аталган лицейдин эмгек жамаатын куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, олимпиада Англияда өтүп, ага дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышкан. Олимпиада онлайн түрдө өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий