• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облус башчысынын кичи футбол боюнча кубогу өттү

Аймак 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кичи футбол боюнча кубогу өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага облустун 8 район, 4 шаар жана мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен куралган жалпы 16 команда катышты. Кубоктун байге фонду 100 миң сомду түзүп демөөрчүлөр тарабынан каржыланган.

Оюндун ачылуу бөлүгүндө сөз сүйлөгөн облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жалпы катышуучуларга ийгилик каалап, мындай саамалыктар мындан ары да байма-бай улантылып турарын белгиледи. Спорттук мелдештердин өткөрүүнүн максаты - кылмыштуулук жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, жаштарды спортту сүйүүгө, достук жана сергек жашоого үндөө болуп саналарын айтты.

Жыйынтыгында биринчи орунга коюлган кубок жана 35 миң акча каражатына Тогуз-Торо районунан келген команда ээ болду. Ал эми экинчи орунду ээлеген Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына 25 миң сом, үчүнчү орунду ээлеген Жалал-Абад шаарынын мэриясына 15 миң сом, төртүнчүлүктү ээлеген Ала-Бука районунун командасына 10 миң сом акча каражаты тапшырылды.

Мындан сырткары мелдештин алдыңкы оюнчусу, чабуулчу, жарым коргоочу жана мыкты көрүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий