• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусуна мобилдик лаборатория жөнөтүлдү – республикалык штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна мобилдик лаборатория жөнөтүлдү. Бул тууралуу коронавирустун келишин жана жайылышын алдын алуу боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, өлкөдө коронавирустун жаӊы учурлары катталган жок.

"Акыркы маалыматтар боюнча, вирусту жуктуруп алган 3 кыргызстандык менен бирге Шаржадан учуп келген учакта 135 адам эмес, жалпы 144 адам экени аныкталды. Алардын 142си анализ тапшырып, жыйынтыктар COVID-19 жок экенин көрсөттү. Рейсте чогуу келген 2 адам Өзбекстанга чыгып кетишкен, алардын жайгашкан жерлери аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

Республика боюнча обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн 1 миң 992 орундук дайындалган. 528 адам карантинге алынган.

"Сузак районундагы көчөлөр менен үйлөр дезинфекцияланды. Жалал-Абад облусуна мобилдик лаборатория жөнөтүлдү", - деп билдиришти штабдан.

Штабдан белгилешкендей, бүгүн өлкө аймагына чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү, бардык категориядагы кирүү визаларын берүүнү убактылуу токтотуу тууралуу КР өкмөтүнүн чечими күчүнө кирди. Бул чечим коронавирус инфекциясы (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык абалдын жакшырышына чейин күчүндө калат.

Ошондой эле КР Улуттук банкы насыялар боюнча убактылуу каникул киргизүүдө.

Пикир

Оставить комментарий