• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ТИМ Россиядагы кыргызстандыктарга Казакстандын чек арасы жабык экенин эскертет

Коом 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги Россиядагы кыргызстандык жарандарга унаа каражаттары менен Казакстан аркылуу Кыргызстанга келүү максатында Россия-Казакстан чек арасына баруудан баш тартуу өтүнүчү менен кайрылат.

"Казакстан Республикасында 2020-жылдын 15-апрелине чейин өзгөчө кырдаал киргизилип, Казакстанга чет өлкөлүк жарандардын кирүүсү чектелгендигин жана Казакстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүгө да тыюу салынгандыгын маалымдайбыз", - деп билдирет министрлик.

Жарандарда суроолор пайда болгон учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлерине төмөнкү байланыш номерлери боюнча күнү-түнү кайрыла алышат: +7(499)238-33-04; +7(499)230-11-17; +7(925)103-29-11.

КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде иштеген түз байланыш номери: +996 551 312 000 ("WhatsApp", "Viber", "Telegram" социалдык тармактардын каналдары боюнча үн жана тексттик билдирүүлөрдү кабыл алат).

Кызматтык телефон номери: +996 312 660811 (кошумча номер 109, 119).

Пикир

Оставить комментарий