• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда ата-энесинен ажыраган 82 балага акчалай көмөк көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда ата-энесинен ажыраган 82 балага 3 млн сом акчалай көмөк көрсөтүлдү.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул Бириккен Араб Эмиратынын жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай Коомунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

"Алардын тизмеси областтын район-шаарлардагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген. Муктаж балдарга көмөк көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, каражаттар ар бир балага банктык эсеп аркылуу которулган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 509 томолой, 7 миң 965 ата-энесинен ажыраган балдар бар.

Пикир

Оставить комментарий