• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Монголиянын президенти Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Азыркы учурда тарых, маданий салт-санаа, демократия, адам укугу менен эркиндиги сыяктуу жалпы баалуулуктарга негизделген Монголия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамиле менен кызматташтык бекемделип барат. Сиз менен мындай мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүүдө тыгыз кызматташтык улантыларына толук ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Халтмаагийн Баттулга Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ишине албан-албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине өсүп-өнүгүү менен катар бардык жакшылыктарды каалады.

Пикир

Оставить комментарий