• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Ташкенте өтчү ШКУ ТИМ башчыларынын жыйынына катышат

Саясат 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ташкент шаарында өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйын үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда өтөт.

Жыйында ШКУнун Самарканд саммитинин (ушул жылдын 15-16-сентябры) даярдоо, анын күн тартиби, уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле актуалдуу глобалдык жана регионалдык маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда .

Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы алдыда боло турган иш-чаранын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий