• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда күндүзгү стационар үчүн 1,2 миң орундук даярдалды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда бүгүнкү күндө күндүзгү стационар үчүн 1 246 койко-орундук даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Жалал-Абад облусу боюнча жалпы койко-орундуктардын саны – 399, мындан сырткары, ооруканада кошумча – 854 койко-орундук даярдалган.

Ошондой эле күндүзгү стационарларда бейтаптарды кабыл алуу үчүн 1246 койко-орундук даярдалды.

Облус боюнча 372 кычкылтек концентратору бар. Алардын ичинен төрт кычкылтек концентратору Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов тарабынан сатылып алынган. Жакын арада кычкылтек концентраторлору демөөрчүлөр тарабынан дагы алынары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий