• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда шаардык жана райондук милиция кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарынын күжүрмөн аскердик даярдыгын чыңдоого, кесиптик тажрыйбаларды өркүндөтүүгө карата министрдин буйругу менен министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов башында турган Ички иштер министрлигинин атайын тобу түзүлгөн.

"Күжүрмөн даярдык ишмердиги жөнгө келтирилбесе, калктын сакчылыгында туруу тартибине көңүл бурулбаса, анда коомдук тартипти камсыздоо, элге сервистик тейлөө көрсөтүү милдеттерин аткарууда бир катар көйгөйлөр жаралышы мүмкүн, ошол себептен мындан ары да күжүрмөн даярдыкты чыңдоого өзгөчө көңул бурулат",- деп белгилеген министр Улан Ниязбеков.

ИИМдин шаардык , областтык милиция түзүмдөрү менен өткөн кезектеги он-лайн чогулушта.

Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен Коомдук коопсуздук кызматынын 2023-жылдагы уюштуруу мерчемине ылайык саат 05:30до Жалал Абад ОИББнын борбордук аппаратынын, милициянын кайгуул кузөт кызматынын өзүнчө ротасынын, Жалал-Абад облусунда жайгашкан ИИМдин атайын багыттагы полкунун өзүнчө ротасынын жана анын райондук-шаардык бөлүмдөрүнүн өздүк курамын “айгай” белгиси боюнча көтөрүп, уюштуруу башкаруучулук чечимдеринин аткарылышы жана кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди.

“Айгай” белгиси боюнча көтөрүүдө атайын буйруктарда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Жалал Абад ОИББнын борбордук аппаратынын жана анын райондук- шаардык бөлүмдөрүнүн бөлүмдөрү боюнча өздүк курамдын чогулушу “жакшы” деген баага татыктуу болду.

Жыйынтыгында чогулган жалпы өздүк курамга саптык кароо жүргүзүлүп, жалпы мазмундагы бир катар кемчиликтер аныкталды. Алар негизги иш пландары жана ИИМге тиешелүү атайын пландарда бир катар кемчиликтер орун алган.

Кемчиликтерди тез арада жойуу боюнча атайын иш чаралар белгиленди.

Орун алган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча ИИМ жетекчилиги бир катар тапшырмаларды белгилеп, кайрадан текшерүүгө ала тургандыгы белгиленди. Мына ушундай кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын текшерүү мындан ары да улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий