• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан 8-июнга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында 361 236 чарчы метр имараттын ичи, 969 376 чарчы метр имараттын сырты жана 5 млн 250 миң погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 22 243 кг хлор, 19 708 литр суюк хлор, 2828 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий