• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ноокаттын Кургак-Тектир айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы Кургак-Тектир айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамкурулуштун директору Мырзабек Жапаркулов билдирди.

Анын айтымында, 190 орунга ылайыкталган мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылы курулуп баштаган.

"Мектепте замандын талабына жооп берген компьютердик класс, жөнөкөй кабинеттерден сырткары, атайын физика, биология, химия кабинеттери жана лабораториялар бар. Окуучулар үчүн кол эмгек жана ар түрдүү кружокторду өткөрүү үчүн чоң кабинеттер каралган.

Ошондой эле китепкана, ашкана, гимнастикалык зал орун алган. Мындан тышкары, мектептин аянтында ар түрдүү спорт оюндары үчүн аянтчалар курулду", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий