• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Сузак райондук администрациясынын башчысы – райондук жарандык коргоо начальниги Эрмекбай Омошевдин буйругу боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди.

Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген мезгилге төмөнкү чаралар жана убактылуу чектөөлөр киргизилет:

1) коомдук тартипти сактоону, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объекттерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;

2) эл массалык көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу;

3) Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий