• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: Радиациялык кырсыктардын курмандыктары эскерилет

Аймак 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” паркында 26-апрелде Радияциялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль атомдук электр станциясындагы кыйроонун 32 жылдыгына арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Мэрия тарабынан атайын чыгарылган буйрук аркылуу иш-чараны уюштуруу комитети түзүлүп, зарыл даярдык иштерин аткаруучулар белгиленген. Ал эми шаар мэриясы тарабынан жалпы иш-чарага 26 миң сомго жакын каражат бөлүнүп, Чернобыль апаатынын 24 катышуучусуна 700 сомдон, апааттан улам курман болгон же майып болгондордун 3 үй-бүлөсүнө материалдык жардам катары 2000 сомдон берилмекчи.

Эскерте кетсек, жыл сайын Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатына байланышкан атайын иш-чаралар уюштурулуп, шаар мектептеринде ачык сааттар өткөрүлөт. Чернобыль апаатынын катышуучулары менен жолугушуулар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий