• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарына 1200 орундуу жаңы мектеп курулат

Аймак 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районуна 1200 орундуу жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан каржыланат.

"Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басарлары Элдос Таев жана Гулбарчын Таштанбековалар жакында Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген РФ Билим берүү министрлигинин өкүлү Олег Чижаковский, М.Акмулла атындагы Башкортостан мамлекеттик педагогикалык университетинин аналитикалык кабинетинин директору Радик Юлбаев менен жолугуп, мектеп салынуучу жай менен жеринде таанышышты", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгиленгендей, мектеп курууга жергиликтүү бийлик Спутник кичи районунан 3 гектар жер тилкесин бөлүп берген. Мектеп эл аралык стандарттарга ылайык салынып, окутуу ыкмасы да заманбап талаптарга төп келмекчи. Мектепте окутуу орус тилинде болот, эгер зарылчылык болсо кыргыз тилдүү класстар ачылат.

Белгилей кетсек, билим берүү тармагындагы кызматташтык келишимине президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары учурунда кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстанга жалпы 9 жаңы мектеп куруу макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий