• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында бир катар билим берүү мекемелери оңдоодон өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында бир катар билим берүү мекемелери оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Элдос Таев тиешелүү коммисиянын өкүлдөрү менен биргеликте дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүткөрүлгөн курулуштарды кабыл алды.

Атап айтсак, №15 “Рябушкина” балдар бакчасынын 1965-жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн чатыры, айнек-терезелери жана эшиктери толугу менен пластикке алмаштырылды. Андан сырткары, №9, №16, №11 жана №10 мектептердин терезелери алмаштырылып, сырты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, чатырлары жаңыртылды. Ошондой эле бир катар билим уяларынын короосуна асфальт төшөлдү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы социалдык объектилердин оңдоп-түзөө жумуштарына жалпысынан 16 млн сом акча каражаты сарпталган. Анын 70%ы дем берүүчү грант болсо, калган 30%ы жергиликтүү бюджеттен жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий