• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжай районунда селге байланыштуу ыкчам штаб өттү

Аймак 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев 12-июлда Кадамжай районунда сел жүргөн аймактан кабар алды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүүлөр менен жолуккан өкүл сел кесепеттерин жоюу аракеттерине керектүү күч, техника, күйүүчү май баары жетиштүү экенин, селден кийинки абалды калыбына келтирүү жумуштары тынымсыз жүргүзүлөөрүн айтты. Ошондой эле, селден улам турак жайына зыян келген жарандарга жардам берилээрин убада кылды. Өзгөчө сел турак жайын толугу менен агызып кеткен Жоокесек участкасындагы Медетбек Аскаровдун үй-бүлөсүнө өзүнүн резервдик фондунан жана башка булактардан жардамдар берилээрин айтты.

Андан соң Абиш Халмурзаев облустук жана Кадамжай районунун жарандык коргонуу комиссиясынын катышуусунда ыкчам штаб өткөрдү. Өкүл өз сөзүндө селдин кесепеттерин жоюу, жабыркагандарга жардам берүү, электр жарыгы, таза суу, сугат сууну кечиктирбей берүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, селден улам 4300 үй-бүлө электр жарыгысыз калган, бирок бир күндүн ичинде электр жарыгын калыбына келтирүү жумуштары ыкчам жүрүп, пайдалануучулардын 99%на электр жарыгы берилди. Ал эми элге тез арада таза суу берүү үчүн учурда жараксыз абалга келген суу түтүктөрү алмаштырылууда. Бул үчүн керектүү материалдар жана техникалар жетиштүү.

Өкүл Абиш Халмурзаев тийиштүү жетекчилерге авариялык абалга келген көпүрөлөрдү калыбына келтирүү жумуштарын да тездетип, оңдоп түзөө иштери жүрүп жаткан жерлерде жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну да тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий