• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында кароосуз жүргөн 4 баш бодо мал кармалды

Аймак 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кароосуз жүргөн 4 баш бодо мал кармалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда кармалган бодо мал Спутник кичирайонундагы муниципалдык унаа базардын четиндеги атайын мал-жандыктар кармалуучу жайга камалды.

“Мал-жандыгын кароосуз калтырган жарандарга КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 124-беренесинин негизинде жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат”, - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад мэриясы жарандардан аларга жашаган аймакта кароосуз жүргөн мал-жандыктар байкалса, төмөндөгү телефон номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0778-62-02-05

Пикир

Оставить комментарий