Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрь - Комуз күнүнө карата Жалал-Абад шаарында комуз күүлөрү жаңырды.
Облусттук Барпы драма театрынын алдындагы аянтта 100гө жакын жаш комузчулардын катышуусунда залкар комуз күүлөрү чертилип, саамалык сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Майрамдык иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев, калаадагы аксакалдар, студенттер, мектеп окуучулары жана шаар тургундары катышкан.
Белгилей кетсек, 9-сентябрь Кыргызстанда Комуз күнүн белгилөө боюнча Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Пикир
Оставить комментарий