• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнөт

Аймак 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу штабдык жыйында айтылгандыгын, мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, штабды шаар мэринин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев, вице-мэр Руслан Алтымышев жетектеп, белгиленген мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Анда өлкөдө жаралган абалга байланыштуу шаар аймагында ар түрдүү тартип бузуучулуктардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Бүгүндөн тарта күч түзүмдөрү көчө жана коомдук жайларда күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Аны менен бирге калаадагы стратегиялык социалдык жана өндүрүштүк объектилерде күзөт кызматчылары көбөйтүлүп, зарылдык боюнча берген сунуштамага ылайык тартип сакчылары да тартылат.

Штабдын отурумунда коронавирус илдетине кабылгандар көбөйүп жаткандыктан, тез аранын ичинде күндүзгү стационарды ачуу жана мобилдүү топторду уюштуруу зарылдыгы билдирилди.

Пикир

Оставить комментарий