• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында кышка карата 63 тонна туз, 165 тонна кум камдалды

Аймак 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кышка карата 63 тонна туз, 165 тонна кум камдалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, кыш мезгилинде жолдорду кардан үзгүлтүксүз тазалоо жумуштарына мэриянын Жол башкармалыгы менен Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын жалпы 9 техникасы даярдалган.

Ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу эске алынып, "Жалал-Абад" тазалык мекемесинин жумушчулары тротуарларды өз учурунда кардан тазалап турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий