• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында майыптыгы бар балдарга белектер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан майыптыгы бар балдарга белектер тапшырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпы суммасы 50 миң сомдон ашуун каражатка алынган белектер Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Каныбек Маманов жана "Кёрлинг" федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов тарабынан берилди.

Белгиленгендей, мындай кайрымдуулук иш-чара 2013-жылдан бери улантылып келет. "Кёрлинг" федерациясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Мамановдун айтымында, алдыда кайрымдуулук иш-чаралары байма-бай жүргүзүлүп турмакчы.

Белгилей кетсек, учурда аталган мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 120 бала тарбияланып келет.

Пикир

Оставить комментарий