• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында медициналык мекемелер текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында менчигинин түрүнө карабай медициналык мекемелер текшерилип жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейдге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери катышты.

Текшерүү учурунда жеке менчик дарыканалар уруксат кагазы жок, өз алдынча медициналык ийне саюу бөлмөлөрүн ачып, адам ден соолугуна кооптуу жагдайларды жараткан шартта иштеп жаткандыгы маалым болду.

Тиешелүү адистер тарабынан талапка жооп бербеген ийне саюу бөлмөлөрүнө жеринде протокол түзүлүп, жабылды.

Аталган маселе орчундуу көйгөй болуп жатканын айткан адистер тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кат жолдомой болушту.

Эскерте кетсек, өз алдынча ачылган ийне саюу бөлмөлөрүнүн санитардык талапка жооп бербеген шартта иштеп жатышы коомчулук арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алып келиши мүмкүн. Аныдктан, адистер жарандарды мындай жайлардан дарыланбоого жана ийне сайдыруудан оолак болууга чакырат.

Мындай текшерүү Жалал-Абад шаарында бир ай жүргүзүлөт. Анын алкагында менчигинин түрүнө карабай бардык медициналык мекемелер текшерилет.

Пикир

Оставить комментарий