• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри "Алтын Балалык" лагеринде эс алып жаткан балдардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова баштаган топ Кара-Алма айылындагы "Алтын Балалык" лагеринде эс алып жаткан балдардан кабар алды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл, Жалал-Абад шаардык мэриясы калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана ата-энесинен ажырган 180 балага Кара-Алма айылындагы “Алтын Балалык” лагеринде жайкы эс алуу уюштурган.

Учурдагы кырдаалды эске алуу менен жергиликтүү бийлик 180 баланы 3 топко бөлгөн. Учурда, алардын бир бөлүгү , тагыраагы, 60 бала лагерде эс алып жатат.

Жалал-Абад шаардык мэриясы жыл сайын 200гө чукул баланы аталган лагерде эс алдырып келет.

Пикир

Оставить комментарий