• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: Той өткөрүп жаткан кафеге айып салынып, жарыгы өчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кечээ, 23-сентябрда да тойканаларга рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Нуртилек Орозбаев баштаган топ бир катар той өткөрүүчү жайларды текшерүүгө алышты.

Рейдде “Достук” кафесинде 100дөн ашык адамдын катышуусунда үлпөт той өтүп жатканы белгилүү болду. Комиссиянын чечими менен тойкананын электр жарыгы өчүрүлүп, ээсине 3 миң сом айыппул салынды.

Буга чейин өткөн аппараттык жыйында мэр Мураталы Тагаев коронавирус илдетинин экинчи толкунунун алдын алуу багытында рейддерди, түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. Ага ылайык базарларда, тойканаларда рейддер өткөрүлүп, ооруну жайылтпоо чаралары көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий