• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда 9 млн евродон ашуун каражатка таза суу долбоорунун 2-фазасы ишке ашууда

Аймак 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 9 млн евродон ашуун каражатка таза суу долбоорунун 2-фазасы ишке ашууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)” долбоору өз ишин баштаган.

КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов долбоордун жүрүшүн Европа комиссиясынын Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Саара Риналди жана программалык өнөктөшү Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) өкүлдөрү менен талкуулады.

Жолугушууга шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана тийиштүү тармактардын жетекчилери катышты. Анда долбоордун алкагында аткарылып жаткан жумуштар жана бир катар маселелер талкууланды.

Мамасалы Акматов Жалал-Абад обусунда аталган эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылган долбоорлорго токтолду. Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарын тургундарын таза суу менен камсыздоо максатында жүрүп жаткан долбоордун 2-фазасындагы жумуштарды да ийгиликтүү аяктоого мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу тутумдары 1950-1960-жылы курулгандыктан, суу түтүктөрүнүн жабдуулары реабилитациялоого муктаж болуп келген. Долбоор аяктаса таза суу түтүктөрү жаңыланып, жаңы саркынды суу түтүктөрү курулат. Ага кошо буга чейинки саркынды суу чогултуучу жай реконструкциялоодон өтөт. Долбоордун жалпы наркы 9,275 млн еврону түзөт.

Пикир

Оставить комментарий