• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда Афган жергесинен советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 33 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш" паркында Афган жергесинен советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 33 жылдыгы белгиленип, согушта курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, ардагерлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасы эстеликке гүл коюу менен башталды. Андан соң шаар мэри Эрнисбек Ормоков Афган согушунда курман болгондордун жана ардагерлердин эрдиктери түбөлүк элдин эсинде сакталып, тарыхта алтын тамгалар менен жазылып кала бере тургандыгын белгиледи.

Афганистандагы согушта өздөрүнүн интернационалдык милдетин аткарууда дээрлик 10 жыл бою кан кечип, согушкан советтик жоокерлер, анын ичинде биздин мекендештерибиз да бул өлкөдөн 1989-жылдын 15-февралында чыгарылган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында учурда Афган согушуна катышкан 80 ардагер бар. Аларга жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан ар кандай колдоолор көрсөтүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий