• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда дагы бир жаңы көчө пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 03.11.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында дагы бир жаңы көчө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүү астында турат. Шаардагы жол тыгындарын азайтуу макатында бир канча жаңы жолдорду куруу пландалган. Бүгүнкү күндө жаңы Курулуш көчөсүнө асфальт төшөлүп, ар тараптуу сапатуу курулуп жатат дешет адистер. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Азыр жолго асфальт төшөө бүткөрүлүп калды. Дагы эки ирет асфальт төшөлүп, андан соң колдонууга берилмекчи. Көчөнүнузундугу 614 метр, кеңдиги 9метрге жетет, ага 9 сантиметр калыңдыкта асфальт басылат. Андан сырткары, эки тарабы кеңейтилип, жол чырактары орнотулмакчы. Курулуш көчөсү бүтүп калса, жолдо унаа тыгындары да пайда болбой калат. Ал эми жолдун сапаты боюнча кепилдик берилерин, анткени жол куруу иштерине да тажрыйбалуу адистер тартылгандыгын айтышат куруучулар. Көчө ноябрь айынын ортолорунда тапшырылары да маалым болду.

Жаңы көчөнүн курулуп жатканы жашоочуларды да кубандырууда. Анткени аталган жайда жашагандар соода түйүндөрунө баруу үчүн шаар айланып, өтүп жүрүшкөн. Жаан жааганда жолдор ылай болуп, басууга мүмкүн болбой калатэле. Эмиминтип атуулдарга да жакшы шарт түзүлү калды.

-Шарт жок көчөнү эми минтип унаа жүрө турган талапка ылайык кылып оңдоп жатканы жалпыбызды кубандырып, бир канча ыңгайсыздыктардын алдын алат. Андан сырткары, бул жолдун курулуш иштери аягына чыкса, айдоочуларга да жеңилдик болмок,-дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Нафиса Камбарова.

Эскерте кетсек, бул жылы шаар бюджетинин бекилбегендигинен шаардык эсептен жолдор курулбай калган. Бирок, шаар мэриясы тарабынан жолдорду-оңдоп түзөө боюнча Өкмөткө сунуш бергилген. Анын жыйынтыгында республикалык бюджеттен 6 көчө ремонттолууда. Мамлекеттик бюджеттен жолдорго жалпы 64 миллион 149 миң 211 сомду бөлүнгөн. Учурда 2 көчө толугу менен бүткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий