• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда дарыгердин көрсөтмөсү жок күчтүү дары саткан дарыкана аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Жалал-Абадда дарыгердин көрсөтмөсү жок күчтүү дары саткан дарыкана аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын аймагындагы дарыканалардын биринде предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын мыйзамсыз жана дарыгердин көрсөтмөсү жок сатып жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтарды алышкан.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Жалал-Абад облустук милициясынын БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын биринде дарыгердин көрсөтмөсү жок "медакс" дарысы сатылып жаткандыгы аныкталган. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Мындан сырткары, облус аймагындагы дарыканаларда дарыгердин көрсөтмөсү жок күчтүү таасир берүүчү дарыларды сатпоо боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий