• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүүгө багытталган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындаа үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы “16 күндүк компания” аталышындагы иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, социалдык кызматкерлер, студенттер жана шаар тургундары катышты.

Иш-чарада аялдарга, жаш балдарга, карыяларга карата үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо эн башкы максаттардын бири экендиги белгиленип, келечекти куруучу жаштарга карата билим алуу жана эмгекти сүйүү учурдун талабы экендиги айтылды.

Иш-чара аярлуу катмардагы аялдардын колдорунан жасалган кол өнөрчүлүк буюмдары, өндүргөн продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси менен коштолду.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнүнө жана 10-декабрь - Адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Мындай иш-чара 25-ноябрдан 10-декабрга чейин шаар аймагында улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий