• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда үйдөн өрт чыгып, 67 жаштагы аял каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.12.17./Кабар/. Жалал-Абад шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 67 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, саат 21:46 чамасында чыккан.

“Жалал-Абаддын Жамашев көчөсү 111 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, 50 чарчы метр үй толугу менен күйгөн. Үйдүн кожоюну 1950-жылы туулган А.Т., аттуу аялдын күйүп калган денеси табылган. Ошондой эле, эркек адам денесинен күйүк алып, ооруканага жеткирилди. Учурда алардын аты-жөнү такталууда”,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМден учурда өрттүн себеби такталып жаткандыгын кабарлашты.

Пикир

Оставить комментарий