• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда мектеп имаратынын пайдубалына капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 29.11.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында ири долбоордун курулушу башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Ассанабил" кайрымдуулук фонду тарабынан Спутник аймактык башкармалыгынын Р.Азимов көчөсүнө социалдык объектилерди куруу иши колго алынып, мектеп имаратынын пайдубалына капсула салынды.

Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев баштаган калаа бийлиги, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, бир катар жергиликтүү эл өкүлдөрү, аталган кайрымдуулук фонддун жетекчиси Саид Баюми жана шаар тургундары катышты.

"Ассанабил" фонду тарабынан бул аймакка мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мечит жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак-жай салынат. Бардык заманбап шарт түзүлүп, 1,25 гектар жер аянты өзүнчө шаарчага айланат. Курулуш иштерин толугу менен бир жыл ичинде бүткөрүү пландалууда.

Узаган аптада жергиликтүү кеңештин депутаттары чукул убакытта сессияга чогулуп, жер аянтын бөлүп берген. Шаар бийлиги долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык аракеттерди көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий