• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Нарында 77 фильтрациялык пост жана мобилдик топтор түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Нарында милиция кызматкерлери жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте 77 фильтрациялык пост жана мобилдик топторду түзүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Мобилдик топтор фильтрациялык посттордо, Нарын шаарынын көчөлөрүндө, райондордун борборлорунда жана башка калк жыш жайгашкан жерлерде үндү катуу чыгаруучу түзүлүштөр менен коронавирус илдетинин жайылышын алдын алууга жана жайылуу коркунучуна байланыштуу коопсуздук чараларын аткаруунун зарылдыгы жөнүндө калкка маалымдоо беришүүдө.

Элге зарыл болбогон учурда көчөгө чыкпоого, калк жыш жайгашкан жерлерге барбоого жана коргоочу беткаптарды кийүү менен аралыкты сактоого үндөп, түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.

"Өзгөчө кырдаалдын алкагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы тартылып, күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Кызматкерлер фильтрациялык, сантитардык – карантин постторунда, шаар жана айыл аймактарында кызматтарын өтөөдө. Облустун жалпы аймагында дизинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөөлөр киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий