• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда “Ноокен — мистенин мекени” эл аралык фестивалы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында “Ноокен — мистенин мекени” эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулууда.

Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда өтчү иш-чарага Иран, Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Россия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышат.

"Эл аралык көргөзмөнүн негизги максаттарынын бири ата мекендик продукцияны чет мамлекетке кымбат баада сатып, бизнес жаатында дыйкандарга колдоо көрсөтүү жана инвесторлорду тартуу", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий