• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда социалдык кызматкерлердин форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. 11-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси менен облустук социалдык тармагынын кызматкерлеринин форуму өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Форумдун ишине КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, акимдер менен мэрлердин социалдык маселелер боюнча орун басаралары, айыл аймактарынын социалдык маселелер боюнча башкы адистери жана райондор менен шаарлардын социалдык башкармалыктарынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу

"Социалдык кызматкерлер мугалимдер менен дарыгерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыяктуу эле оор жүктү аркалап келе жатышат. Форумду өткөрүүнүн башкы максаты социалдык кызматкерлердин статусун көтөрүү, жаңы мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу болуп саналат. КРын Өкмөтүнүн токтому менен кары-картаңдар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көмөк көрсөтүү жана кароосуз калган балдарды камкордукка алуу дагы биздин министрликке жүктөлгөн. Социалдык кызматкер болгону орточо 5 000 сом маяна алат. Бүгүнкү күндө социалдык кызматкерлерге мыйзам менен бекитилген жана мыйзам менен бекитилбеген опол тоодой иштер жүктөлгөн. Ошого карабастан социалдык кызматкерлер калкыбыздын аярлуу катмарларын мамлекеттик камкордукка алууда кабагым-кашым дебестен жигердүүлүк менен иштеп келе жатышат.

Быйылкы жыл биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени быйыл КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин түзүлгөндүгүнө 90 жыл толот. Андыктан форумдун катышуучуларын 90 жылдык маараке менен куттуктаймын!,- деди КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова.

Жалал-Абад облусу боюнча турмуштук оор кырдаалга кабылган 772 бала аныкталса, анын ичинен 519 бала турмуштук шарты оор балдардын каттоосунан чыгарылды. Ошондой эле турмуш шарттары оор 260 үй-бүлө аныкталган болсо, анын ичинен 45 үй-бүлө чыгарылды. 2017-жылдын 1-сентябрына карата балдарды социалдык жактан коргоого алган 3 коммерциялык эмес мекемелер иштеп жатат. Алар Майлуу-Суу шаарындагы “Рахат” балдарды адаптациялоо борбору, Жалал-Абад шаарындагы “Ак-Бермет” үй-бүлө тибиндеги мекеме жана Жалал-Абад шаарындагы “Ак-Жол” балдар үчүн комплекстүү реаблитациялык борбор болуп саналат.

Облусубуздун аймагындагы 228 социалдык кызматкерлер 2143 үйүндө социалдык кызмат көрсөтүп келишет. Алардын камкордугуна алынгандардын ичинен жалгыз бой улгайгандар 1129, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 564 адам жана турмуш-шарты оор 394 баланы түзөт.

Социалдык кызматкерлер - социалдык колдоого жана камкордукка муктаж болгондорго биринчи кезекте жардам колдорун сунган мамлекеттин бир бөлүгү болуп калды. Бул жумуш абдан жогорку гумандуулукту, адамдын жеке профессионалдуулугун, боорукердик менен тынбаган эмгекчилдикти талап кылат. Сиздердин адамдарга көрсөтүлгөн өтө жооптуу жана ары түйшүктүү ишиңиздердин артында мекендештерибиздин оор тагдыры жана келечекке болгон зор үмүтү жатат. Калкыбыздын социалдык жактан коргоого муктаж болушкан аярлуу катмарларынын ишин мындан ары дагы алдыга жылдыруудагы форумдун ишине чын дилимден ийгилик каалаймын!",- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.

Социалдык кызматкерлердин форумунда КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Жаңыл Жумабаева “Социалдык кызматкер – кесиби” темасында баяндама жасады. Ал эми КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова “Социалдык кызматкерлердин статусу” жөнүндө мыйзамдын долбоору туурасында кеңири маалымат берди. Мындан сырткары “КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги БУУнун Азык-түлүк айыл чарба уюму менен өз ара аракеттенүүсү” боюнча БУУнун (ФАО) социалдык коргоо боюнча адиси Левина Карина, ФАО долбоорунун социалдык коргоо боюнча улуттук кеңешчиси Сагын Мамбетова жана “Эл аралык тажрыйбага негизделген социалдык кызматкерлердин ролу жөнүндө” БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын адиси Дилшат Исманалиев атайын баяндамаларды жасашты. Социалдык кызматкерлердин форумунда талкууланган маселелер боюнча эркин микрофон берилип, суроо-жооптор менен каралган маселелер боюнча кеңири талкуулар жүрдү.

Социалдык кызматкерлердин форумунун соңунда кесиптик майрамга карата социалдык тармактын бир катар алдыңкы кызматкерлерине КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий