• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда тоодон кулап, буту-башын кокустатып алган жаран куткарылды

Кырсык 0


Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Акташ айылында тоодон кокустуктан кулап түшүп, бутунан жана башынан жаракат алган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабыркаган жаран ӨКМге караштуу Авиациялык издеп-куткаруу кызматы тарабынан тик учак менен куткарылды.

Аталган жаранды учкучтар Акташ айылынан Бишкек шаарына тик учак менен алып келип, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Учурда жаракат алган адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий