• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда унаа оңдоочу жайында өрт чыгып, 24 жаштагы адам күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү “Келечек” акционердик коомуна караштуу унаа оңдоочу жайында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Унаа оңдоочу жайынын 432 чарчы метр аянты жана беш даана унаа толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 24 жаштагы А.Р. колунан 1-даражадагы жеңил жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий