• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарада “Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматовдун ааламы” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында “Чыңгыз Айтатовдун ааламы учурдун көзү менен” аталышында студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы уюштурулган.

Конференияга К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин, Ош Мамлекеттик университетинин жана Өзбекстан Республикасынан Кокон Мамлекеттик педагогикалык институтунун профессор-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий