• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда жаштар жумалыгы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 02.11.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жаштардын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар мэриясында бул жөнүндө атайын буйрук чыгып, 10-ноябрда белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын жаштар күнүнө жана 17-ноябрда белгиленүүчү Эл аралык студенттер күнүнө карата 10-17-ноябрь күндөрү шаарда Жаштар жумалыгы өтө турган болду.

Бул иш-чара шаарда жаштар уюмдары жана жаштар кыймылдарын интеграциялоо, жаштар арасында ынтымакты бекемдөө, жаштар саясатын андан ары өнүктүрүү максатын көздөйт. Буйрук аркылуу жаштар жумалыгын уюштуруп өткөрүү боюнча атайын уюштуруу комитети түзүлүп, ага шаар жетекчилери, шаардагы мекеме-ишканалардын, окуу жайларынын, аймактык башкаруулардын жетекчилери киришти.

Ошондой эле жумалыктын жүрүшүндө аткарылуучу иш-чаралар планы бекитилип, анда “Эркиндик” аянтында атайын салтанаттуу иш-чараларды, маданий-спорттук чараларды уюштуруу, тематикалык флешмобдорду өткөрүү жана башкалар каралган.

Пикир

Оставить комментарий